Индонезия, Шри-Ланка, Тайланд жана Малайзиянын аймактарын каптаган селден жана жер көчкүдөн 1 400дөн ашуун адам каза болду. Боршайком мыйзам бузууларга байланыштуу №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. АКШнын чабармандары Путин менен Москвада беш саатка жакын сүйлөштү.
АКШнын чабармандары Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп кетти. Маалыматтарга караганда, андан алгылыктуу майнап чыккан жок. Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдү тагдыр чечүүчү деп мүнөздөгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-округдагы шайлоону жараксыз деп таанып, эми ал округдан чыккан талапкерлер кайра шайлоого катыша албай турганы маалымдалды. 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бул округдагы айрым тилкелердеги мыйзам бузуулар тууралуу видео-аудио материалдар жарыяланган.
Шайлоодогу мыйзам бузуулар кандай териштирилет, ал жалпы жыйынтыкка таасирин тийгизбейби?
Укук коргоо органдары Жогорку Кеңешке шайлоодогу мыйзам бузууларды териштирип жатат. Айрым талапкерлер шайлоодогу мыйзам бузуулар - акча таратуу, шайлоочуларды сатып алуу аракеттери болгонун билдирүүдө. Шайлоодогу мыйзам бузуулар кандай териштирилет, ал жалпы жыйынтыкка таасир тийгизиши мүмкүнбү?
Милиция Ноокендеги добушканада илинген телефон иликтенип, комиссияга маалымат берилгенин билдирди. Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөртүүлөр болуп жатат. Украинанын куралдуу күчтөрү Покровск шаарынын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөп жатканын билдирди.
Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Алгачкы маалымат боюнча парламенттин курамына мурдагы чакырылыштагы 50гө жакын депутат, айрым жаңы жүздөр келчүдөй болуп турат. Парламенттик шайлоо кандай өттү, кийинки парламенттин жүзү кандай болот?
Бишкекке ЖККУнун саммитине келген Лукашенко Минск Бакиевди өткөрүп бербесин, бирок бийликтен кулатылган президентти Кыргызстанга бир келип кетиши тууралуу кыргыз жетекчилери менен сүйлөшөрүн айткан эле.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) утуп чыккандар арасында бийликке жакын талапкерлер басымдуу болду деп баалады. VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кандай болот? Көз каранды болуп, бийликтин жетегинде калышы ыктымал деген кооптонуулар канчалык негиздүү?
Украинадагы согуш жакын арада токтойбу? Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эми Москвада уланат. АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусиянын президенти менен сүйлөшүү үчүн жолго чыкканы маалым болду. Жекшембиде Украина менен Орусиянын делегациясы Американын Флорида штатында жолуккан.
Бул жолку шайлоодо Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышынын бир катар депутаттары өз округдарында алдыга чыгып, кайрадан мандат алууга жакын турат. Парламенттик шайлоодо 300гө жакын арыз, даттануу, добуш сатып алуу фактылары болуп, талапкерлерге эскертүүлөр берилди.
Дагы жүктөңүз