Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

"Саясатка барып салым кошсок". Майыптыгы барлар коомдон колдоо күтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Кыргызстанда ири шаарларда, соода жайларда майыптыгы барларга атайын шарттар жетишсиздиги, коомдук транспортторго түшүүгө мүмкүн эместиги дайыма талкуу жаратып келет. Андан тышкары ипотека, жөлөк пул ж.б. көйгөйлөрү да арбын.

Бишкекте 3-декабрь - Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата өткөн жыйында ушул маселелер айтылды.

Какен Абыл Тегин 2016-жылы жол кырсыгына кабылган. Тагдырдын бул сыноосунан кийин ал баспай калган.

“Ат-Башы райондук почтасынын жетекчиси элем. Ага чейин ар кандай жетекчилик кызматтарда иштегем. Кырсыктан кийин бир жыл үйдө жаттым. Андан кийин элге аралаша баштадым. Тагдырлаштарымды көрүп, алардын колдоосу менен ушул бийиктикке жеттим. Быйыл Нарын шаарынан жергиликтүү кеңешке “Ишеним” партиясынан талапкер болдум. Бирок өтпөй калдым. Депутат болбосом да депутаттай эле болуп жүрөм. Оору кадырын соо билбейт дейт. Бизде көйгөй көп да”.

Какен Абыл Тегин учурда Нарындагы “Үмүт шооласы” кайрымдуулук фондун жетектейт. Ал элет жеринде майыптыгы бар адамдар үчүн атайын шарттар жоктугун айтты:

“Бизде майыптыгы барларга шарт түзүлгөн эмес. Пандус жок, эшиктерден батпайбыз. Коомдук транспортто жеңилдик жок. "Жорго" такси 50% жеңилдик берген, ошону менен жүрөбүз. Майыптыгы бар адамдардын айрымдары окуганды билбейт. Үйүндө төрт дубалды тиктеп отургандар бар. Биздин фонд аларды коомго кошуу, ар кандай өнөр үйрөтүү, билим берүү менен алектенип келебиз. Учурда ЖОЖдор менен иштешебиз. Азыр бир балабыз окуп жатат, бир балабыз иштейт, бирөө үйдө, аралыктан иштеп жатат. 50 мүчөбүз бар, көбү улан-кыздар. Алардын апасындай эле болуп калдым”.

Какен Абыл Тегин кол күрөш боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону. Майыптыгы барлар арасында ал сыяктуу өжөрлүк, эркинин бекемдиги менен коомдук, саясий активдүү иштерге аралашкандар арбын.

"Иш табуу кыйын"

“Равенство” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлнара Казакунова майыптыгы бар адамдарга иш табуу өтө кыйын экенин белгиледи.

Гүлнара Казакунова.
Гүлнара Казакунова.

“Биз кесипке үйрөтүү менен да иш алып барабыз. Бизге келген кыз-келиндердин 80% билими жок. Көбү баштапкы билим да алган эмес. Андай болгон соң аларга ишке орношуу да кыйын. Бизде мамлекеттик лицейлер бар да дегендер чыгышы мүмкүн. Бирок алар күбөлүк же сертификат болбосо кабыл албайт экен. Ошол себептүү биз каалаган кесибине акысын төлөп, кыска аралыкта үйрөтөбүз. Арасында өз алдынча иштегендер да бар. Бирок коомдо майыптыгы бар адамдарга карата көз караш калыптанган. "Бул билбейт, бул иштей албайт, бул эртең ооруп калат" дешет. Ошол себептүү, биздин уюм мамлекеттик уюмдардын майыптуулугу бар адамдарга көз карашын өзгөртүү үстүндө да иштейбиз. Алардын көз карашы өзгөргөн сайын коом өзгөрөт. Жаңы мыйзамдар кабыл алынат”.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, 2020-жылдан 2025-жылдын январь–октябрь айына чейин 1 584 майыптуулугу бар жаран ишке орноштурулган, анын 806сы аялдар.

Майыптыгы бар балдардан түзүлгөн “Тумар” бий тобунун эл алдына чыкканына 15 жылдай болду.

Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров балдардын алды турмуш куруп, ошол эле “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда иштеп жатканын айтты:

Эрмек Кадыров.
Эрмек Кадыров.

“Мен өзүм ушул “Үмүт-Надежда” борборунда 20 жылдан бери иштейм. Андан бери көп балдардын агасындай эле болуп калдым. Борбордун өзүндө азыр 70тей бала бар. “Тумарда” бийлеген эки бала үйлөндү. Бирөөнүн эки баласы бар. Адинай менен Эрдик биз менен эле чогуу “Үмүт-Надеждада” иштеп жатат. Жетекчибиз да мактап атат. Көрсө булар балдар менен аралашып жүрүп, алар менен жакшы тил табышат экен. Майыптыгы бар балдарга шарт түзүп койсо эле иштешет. Мурда Европага барып бир жыл иштеп келген. Ал жакта майыптыгы бар адамдар көптөй туюлат. Бирок алар бизде деле көп. Болгону бизде алар көчөгө чыга албайт, анткени шарт жок. Аны биз өз башыбыздан да кечирдик. Гастролго чыкканда балдарды төртүнчү кабатка чейин өзүм көтөрүп чыккан учурлар болгон”.

"Тумар" бий тобу.
"Тумар" бий тобу.

Кадыров балдар бийлеп жүргөндө машыгып, колдору көнүп калганын, азыр спортко барып жатышканын кошумчалады. Топтун эки мүчөсү кол күрөштөн Кыргызстандын чемпиону болсо, бирөө жаа атып, диск ыргытат.

Майыптуулугу барлар арасында спорттук мелдешке катышкандар арбын. Жакында эле 16 жаштагы Фархат Кайсаров Италиянын Турин шаарында өткөн Атайын Олимпиадада коньки менен жарышып, медаль уткан.

Фархаттын агайы, Атайын Олимпиаданын жетекчиси Канат Мамбеталиев майыптыгы барларга камкордуктун бир багыты спорт болушу керектигин белгиледи.

Канат Мамбеталиев.
Канат Мамбеталиев.

“Атайын Олимпиаданын негизги вазийпасы акыл-эс жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү, алардын жашоосун спорт аркылуу жакшыртуу. Атайын Олимпиаданын спортчулары жергиликтүү, улуттук мелдештерге катышып, чоң жетишкендерге жетти. 10-15 жыл мурда коомдо стигма бар эле. Буга да каршылык көрсөтүп “жинди деген сөз жок" деп иш-чараларды өткөргөнбүз. Мындан тышкары ата-энелер менен иш алып барабыз. Биздин чоң жардамчыларыбыз - Мамлекеттик спорт агенттиги, бизнесмендер, интернат-мектептердин жетекчилери. Спорт мектептерде майыптыгы бар ушундай балдарга бөлүмдөр же өзүнчө мектеп ачылса жакшы болмок”.

Көздөн учкан реабилитация

Адистер соңку жылдары ар кандай кырсыктардын айынан майып болуп калган адамдардын саны өскөнүн айтып, алар үчүн реабилитациялык борборлор жоктугун айтып келишет.

Чүйдүн тургуну Дамир 40 жашта. Ал 16 жыл мурда жол кырсыгына кабылып, баспай калган. Учурда такси айдайт. Биздин каарман пенсиясы менчик реабилитациялык борборлордо дарыланууга жетпесин айтты.

“Кыш болчу. Айдоочу жолдон тайып кетип, мамыны сүзгөн. Мен жанында отургам. Бешинчи-алтынчы омурткаларга доо кеткен экен. Кырсыктаган учурда адамды ордунан козгобош керек экен. Мени балдар жардам беребиз деп тургузуп жиберишкен. Андай учурда Тез жардамды күтүш керек турбайбы. Азыр туруктуу ишим жок. Такси айдайм. Мамлекет беш жылда бир курорт-санаторийлерге жолдомо берет. Мамлекеттин балансында реабилитациялык борборлор болсо барып турат элем. Бишкекте жеке менчик борбор бар экен. Өзүм биринчи топтогу майып, пенсиям 9 миң сом болсо ага кайдан барам? Азыр атам экөөбүз батирде турабыз. Үй туугандардыкы. Машинени да туугандарым акча чогултуп алып беришкен. Кырсыктан кийин келинчегим экөөбүз эки башка жолго түшкөнбүз. Уулум бар”.

"Назик кыз" коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиева майыптыгы бар адамдар үчүн көптөгөн медициналык кызматтар жоктугун айтууда.

Үкөй Мураталиева.
Үкөй Мураталиева.

“Азыр мыйзамдарга беш жылда бир эмес, үч жылда бир дарыланып турсун деген өзгөрүүлөр кирип жатат. Бирок ал деле күчүнө кире элек. Мен өзүм деле ушул укугумду колдонуп, акыркы 2003-жылы баргам. Биз үчүн спорт, бассейн, медициналык кызмат дегендей керектүү кызматтар жок. Алар жеке реабилитациялык борборлордо бар, бирок баасы өтө кымбат. Майыптыгы бар адамдар жылына дарыланып турушу керек. Анткени алардын бөйрөктөрү жабыркайт, булчуңдары бошоп кетет. Жата берип денеси жара болуп кеткендер бар. Кан айланбай калат. Баспаган бутту баспайт деп таштап койбош керек. Болбосо 40 жаштан кийин дартка дарт кошулуп, күчөп кетет. Мындай маселелердин баарын биз өзүбүз жеткиришибиз керек. Ошон үчүн майыптыгы бар адамдар, айрыкча кыз-келиндер саясатка барып, өз үнүн жеткирсе деп ойлойм”.

Майыптыгы барлар катышкан иш-чара.
Майыптыгы барлар катышкан иш-чара.

"Равенство" коомдук уюмунун жетекчиси Гүлнара Казакунова Саламаттык сактоо министрлигине атайын реабилитациялык борборлор керек экенин дайыма айтып келгендердин бири.

“Айрыкча кырсыктаган адамдардын омурткасы сынып, жүлүнү жабыркайт. Аларга өзгөчө камкордук, дарылоо керек. Ошол шарттын жоктугунан кээде акырындап басып кете турган адамдар деле арабада отуруп калат. Жок дегенде акысын арзандатып, 30% кылып койсо, каалаган адамдар жатып дарыланмак. Азыр эми реабилитациялык борборлор ачылган күндө да анда иштей турган адистер жок. Жеке менчик реабилитациялык борборлор кымбат. Пенсия же жөлөк пул менен жашаган адамдар аларды көтөрө албайт".

Депутат Дастан Бекешов буга чейин бир катар коомдук уюмдар менен биргеликте Майыптыгы бар адамдардын кепилдиктери жана укуктары тууралуу мыйзам жазып, ага президент кол койгон.

Бекешев майыптыгы бар адамдар менен иштей турган адистерди даярдоого көңүл буруш керек дейт.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Тилекке каршы, мамлекет реабилитациялык борборлорду ачкан күндө да анда иштей турган адистер жок. Аларды даярдабайт экенбиз. Бул көйгөйдү университеттен баштап чечүү керек. Атайын факультеттер жок, болсо дагы жаштар айлык аз деп бул кесиптерди тандабайт экен. Биз ошол кесиптерди кызыктуу кылып, стипендияларды жогорулатышыбыз керек. Реабилитациялык борборлор ачылса, майыптыгы барлар үйдө жалгызсырабай бири-бири менен баарлашып, чогуу иш алып бармак. Бири-бирине жардам беришмек. Бизде мамлекет азыр Паралимпиадага баргандарга көңүл буруп жатат. Майыптыгы бар адамдар арасында алардан башка дагы таланттуулар көп. Алардын дараметин ачып, коомго салым кошуусуна шарт түзүү керек”.

Ал эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева майыптыгы бар кишилерге шарт түзүүгө болгон аракеттер жумшалып жатат деп ишендирүүдө.

Айнура Орозбаева.
Айнура Орозбаева.

“Майыптыгы бар аял болсун, эркек болсун коомдун татыктуу мүчөлөрү. Август айында майыптыгы бар адамдардын укугу жана кепилдиги тууралуу мыйзамга президент кол койгон. Азыр министрлик нормативдик-укуктук актылардын үстүндө иштеп жатат. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, социалдык кызматкерлердин саны көбөйөт. Аларды бардык аймактарда окутуп жатабыз”.

Расмий маалыматтарга таянсак, ушу тапта Кыргызстанда майыптыгы барлардын саны 218 миң, бул калктын 3% түзөт. 38 миңи 18 жашка чыга элек балдар.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG