Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Днепрде Орусиянын чабуулунан 15 киши жараат алды


Коммуналдык кызматкерлер 2025-жылдын 23-ноябрында Украинанын Днепр шаарына дрон чабуулунан жабыркаган көп кабаттуу үйдүн жанын тазалап жатышат.
Коммуналдык кызматкерлер 2025-жылдын 23-ноябрында Украинанын Днепр шаарына дрон чабуулунан жабыркаган көп кабаттуу үйдүн жанын тазалап жатышат.

23-ноябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага 98 дрон менен чабуул койду, анын 69у атып түшүрүлгөнүн украин армиясы билдирди. 27 жайга дрондор жана анын сыныктары тийгени катталды.

Днепрде Орусиянын дрону көп кабаттуу үйдүн жанында жарылып, 15 киши жараат алды. Арасында 11 жашар кыз да бар экенин облустук аскердик администрациянын башчысы Владислав Гайваненко маалымдады. Үч киши орто оордуктагы жараат менен ооруканага жаткырылган.

Никополь жана Синельниковск райондору да соккуга кабылды. Куткаруучулар билдиргендей, ал жакта беш киши жараат алды, анын экөө 14, 16 жаштагы балдар.

22-ноябрдын кечинде Орусиянын армиясы Запорожьедеги эл жашаган районго дрондор менен сокку урганда алты киши жараат алган. Анда дрон турак жайга жакын жайгашкан магазиндин алдына түшкөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG