Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

ТИМ: чет өлкөлөрдө саат 14.00гө карата 8,5 миңден ашык адам добуш берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Бишкек убактысы менен саат 14.00го карата 8592 жаран добуш бергенин маалымдады. Эң биринчи ачылган Орусиянын Петропавловск-Камчатск шаарындагы добушканага жабылганын, бул жерде 162 адам добуш бергенин билдирди.

"Учурда Кыргызстандын аймагынан сырткары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттерде жайгашкан 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясы 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылганын билдирген. Убакыттагы айырмадан улам, айрым чет өлкөлөрдө добуш берүү кечирек башталат.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, бул жолку шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны колдонулуп жатат. Бул система аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG