Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:40

"Крокустагы" кандуу окуяны актоого шек саналып дагы бир тажик жараны камалды


Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуяны актоого шек саналып 28 жаштагы тажикстандык Кудрат Курбанов камалды. Сотто бөгөт чарасы каралып, 2026-жылдын 26-январына чейин абакта калтырылды.

Тергөө материалдарына ылайык, Курбанов 2024-жылы март айында Телеграм каналга "Крокус Сити Холлго" кол салгандарды жактап бир канча комментарий жазган. Анын аракеттери "террорчулукту ачык актоо" деп бааланган.

Курбанов күнөөсүн мойнуна алганы кабарланды, бирок анын үй-бүлөсү азырынча комментарий бере элек.

Өткөн жылы "Крокустагы" кол салууну актаган деген шек менен эки адам, өзбек жана тажик жарандары кармалган.

2024-жылы 22-мартта Москва облусундагы Красногорск шаарында жайгашкан "Крокус Сити Холл" борборуна концертке барган адамдарга куралдуу кол салуу болуп, ал жерде өрт чыккан. Анда бери дегенде 149 киши набыт болуп, дагы 600 адам жараат алган.

Бул окуяга байланыштуу жалпы 19 адам камалган, алардын төртөө түздөн-түз терроризмге, калгандары ошолорго көмөктөшүүгө шектелүүдө.

"Крокустагы" окуяга байланыштуу камалгандардын соту август айында жабык башталган.

Кол салууну уюштургандар аныктала элек. Жоопкерчиликти өзүнө аларын "Ислам мамлекети Вилаят Хорасан" деген топ айтып чыкканы маалымдалган. Тергөө өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ менен Украинаны байланыштырып айыптоого аракет кылып жатканы белгилүү болгон.

Кылмышка шектүүлөрдүн көбү теги тажикстандыктар. Мындан улам Орусияда борборазиялык, айрыкча Тажикстандан барган мигранттарга кысым күчөгөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG