Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Ош: Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, көп кабаттуу үйлөр салынат


Эл арасында "лөлү маале" деген ат менен таанылган айылдын тургундары. Ош мэриясы тараткан сүрөт.
Эл арасында "лөлү маале" деген ат менен таанылган айылдын тургундары. Ош мэриясы тараткан сүрөт.

Аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу мэр Жеңишбек Токторбаев 3-декабрда аталган айылдын тургундары менен жолугушууда билдирди. Жаңылоо иштери келерки жылдан тартып башталарын маалымдады.

"Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди. Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак жайларды бузуп алып салып, ордуна жаңы көп кабаттуу жана жер үйлөр, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат. Мэр өз сөзүндө биринчи кезекте 12 жылдык мектептин курулушу башталарын, орду даяр экенин белгилеп өттү. Конушта төрт жылдык мектеп менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан башка социалдык объект жок. Көпчүлүгү эскилиги жеткен үйлөрдө, инфраструктуралык оор шартта күн кечирип келет",-деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, бул айылда төрт миңге жакын адам жашайт жана эл арасында "лөлү маале" деген ат менен таанымал. Былтыркы аймактык реформага чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун карамагында болчу.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG